Akchabarsearch
Көк-Жардагы батир ээлеринин көп жылдык көйгөйү чечилди
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-14-04, 16:41

Көк-Жардагы батир ээлеринин көп жылдык көйгөйү чечилди

Бишкектин Көк-Жар конушундагы Сейтек көчөсү 3 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу үй расмий түрдө колдонууга берилди . Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. 

"Аю Курулуш" компаниясы тарабынан салынган бул үйдүн маселеси мыйзамсыз курулган 10-кабаттан улам көп жылдар бою чечилбей келген.

Мындан улам жашоочулар үйлөрүн өз атына каттата албай жана коммуналдык кызматтарга жогорулатылган баада төлөп келишкен. 

Эми бардык тоскоолдуктар жоюлуп, тургундар документтерин мыйзамдуу түрдө алып, коммуналдык төлөмдөрдү кадимки тариф менен төлөөгө шарт түзүлдү.
 


Тектеш материалды окуу