Akchabarsearch
МИК: Кочкордо 217 батирлүү турак жай комплексинин курулушу 80%га аяктады
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-23-06, 17:30

МИК: Кочкордо 217 батирлүү турак жай комплексинин курулушу 80%га аяктады

Нарындын Кочкор айылында 217 батирлүү жаңы турак жай комплекси курулуп жатат. Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 80%ы бүткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин админстрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу менен таанышты.

Маалыматка ылайык, турак жай комплекси 2 гектар жер тилкесине салынып, беш кабаттуу 8 блоктон турат. Жалпысынан анда 217 батир каралган.

Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулуш иштери учурда 80%га аяктаганын билдирди.

Объектти көрүп чыккандан кийин Садыр Жапаров долбоорду белгиленген мөөнөттө бүтүрүү жана курулуш иштеринин сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырмасын берди.
 


Тектеш материалды окуу