Akchabarsearch
Ош шаарында 5.5 миң батир курулууда

Жарыяланган

2026-08-06, 12:53

Ош шаарында 5.5 миң батир курулууда

Учурда Ош шаарында 5 миң 518 батир курулууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ош шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган "Асман Резиденс №1" турак жай комплексинин ачылыш аземинде билдирди.

Анын айтымында Ош шаарында  5 миң 518 батирлүү төрт турак жай комплекси,  Ош облусу боюнча 2 миң 44 батирлүү 3 турак жай комплекси курулуп жатат.

Жалпысынан өлкө боюнча бүгүнкү күндө  82 миңден ашык батирдин курулушу жүрүп жатат.
 


Тектеш материалды окуу