Akchabarsearch
2026-жылдын май айында Бишкекте батирдин бир чарчы метринин орточо баасы 113 миң сомду түздү

Жарыяланган

2026-03-06, 16:47

2026-жылдын май айында Бишкекте батирдин бир чарчы метринин орточо баасы 113 миң сомду түздү

2026-жылдын май айына карата Бишкек шаарында батирдин бир чарчы метринин орточо баасы 113 миң сомду түздү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматында көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, борбор калаада жер тамдын бир чарчы метринин орточо баасы 160 миң сомго жеткен. Ал эми коммерциялык кыймылсыз мүлктүн бир чарчы метри орточо 77 миң сом болгон.

Өткөн жылдын ушул мезгилинде борбор калаада батирдин бир чарчы метринин баасы 106 миң сом, жер тамдыкы 146 миң сом, коммерциялык кыймылсыз мүлктүкү 79 миң сомду түзгөн.

 


Тектеш материалды окуу