Akchabarsearch
Бишкек шаарында бир жылда жер үйдүн баасы 20.5%га кымбаттады

Жарыяланган

2026-14-08, 09:46

Бишкек шаарында бир жылда жер үйдүн баасы 20.5%га кымбаттады

Быйылкы жылдын июнь айына карата, Бишкекте батирдин бир чарчы метринин орточо баасы 114 миң 650 сомду түздү. Бул тууралуу Жер жана кадастр министрлигининин маалыматында көрсөтүлгөн.

Батир былтыркы жылдын ушул мезгилине карата 7.1%га кымбаттаган. 2025-жылы батирдин бир чарчы метринин орточо баасы 107 миң сом деп белгиленген. 

Ал эми 2026-жылдын июнь айында жер үйдүн бир чарчы метринин баасы 195 миң 76 сомду түздү. Былтыр бул көрсөткүч 161 миң 856 сом болгон. Демек бир жылда анын баасы 20.5% га жогорулаган. 
 


Тектеш материалды окуу