
Жарыяланган
2026-14-01, 15:58Ош шаарында батирлердин жана турак жайлардын орточо баалары өстү. Бул тууралуу “Акчабарга” Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы 2024-жылга салыштырмалуу Ош шаарында 104-сериядагы батирлердин чарчы метринин орточо баалары 26,9%га, 105-сериядагы батирлер 24,4%га, жеке типтеги батирлер 11,6%га жогорулаган.
Ош шаарында батирлердин чарчы метринин баалары октябрь айына чейин өскөн. Ноябрь айында октябрь айына салыштырмалуу баалар 1,24 пайызга төмөндөп, декабрь айында кайрадан жогорулаган.
Ал эми турак үйлөрдүн баалары 37,04%га кескин өскөн.
2025-жылы Ош шаарындагы турак үйлөрдүн орточо бааларынын темпи 2024-жылга салыштырмалуу кескин түрдө өзгөрүп турган. Март жана июль айындагы баалардын өсүшүнүн көрсөткүчү жылдын аягындагы баалардын өсүшүнөн бир кыйла жогору болгон.
Агенттик турак үйлөргө болгон суроо-талаптардын жогорулашы курулуш компаниялары тараптан турак жай жайгашкан жер тилкелерин көп кабаттуу имараттарды куруу үчүн сатып алуулары менен байланыштуу экенин белгиледи.



