Akchabarsearch
Ошто чек арачыларга 20 батирдин ачкычы тапшырылды
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2025-11-11, 14:24

Ошто чек арачыларга 20 батирдин ачкычы тапшырылды

Бүгүн, 11-ноябрда Ош облусунун Карамык айылында чек арачылар үчүн жаңы кызматтык батирлердин ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирди.

Салтанаттуу иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Чек ара кызматынын директору Абдикарим Алимбаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Жаңы турак жай комплекси бийик тоолуу жана алыскы аймакта жайгашкан «Карамык» заставасынын аймагында курулуп, 20 батирден (анын ичинде 18 бир бөлмөлүү жана 2 эки бөлмөлүү) турат. 19 батир чек арачыларга, батирлердин бири милиция кызматкерине тапшырылды.

Камчыбек Ташиев аскер кызматчыларынын жашоо шарттарын жакшыртуу мамлекеттин негизги милдеттеринин бири экенин белгилеп, чек арада кызмат өтөгөндөргө татыктуу шарт түзүү маанилүү экенин айтты.

Комплекс аймагында балдар жана спорт аянтчалары, откана, суу жана саркынды системалары, көмүр кампасы, трансформатор, унаа токтотуучу жайлар салынган. 

Объект республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, бир жарым жыл ичинде бүткөрүлдү.
 


Тектеш материалды окуу