
Жарыяланган
2025-16-12, 14:3015-декабрда Бишкек шаарынын Сүйүмбаев көчөсү 159 дарегинде жайгашкан 12 кабаттуу турак үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Бул боюнча тиешелүү документтерди Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Эрназарбек Суеркулов үйдүн жашоочуларына тапшырды.
Аталган объект “Пегас Ала-Тоо” ЖЧКсы тарабынан мыйзамсыз курулуп, пайдаланууга өткөрүлгөн эмес.
Мунун айынан жашоочулар батирлерин өз атына каттай албай, кыймылсыз мүлккө тиешелүү документтерди алуу процессинде чоң кыйынчылыктарга туш болуп келишкен.



