Akchabarsearch
Бишкекте коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелерди киргизүү пландалууда

Жарыяланган

2025-16-09, 17:12

Бишкекте коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелерди киргизүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын бир катар негизги көчөлөрүндө коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелерди уюштурууну улантуу маселесин карап жатат.Бул тууралуу шар мэриясы билдирди.

Учурда төмөнкү көчөлөр каралууда:
- Ю. Абдрахманов көчөсү (Байтик Баатыр көчөсүнүн уландысы) — А. Токомбаев көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейин;
- Жибек Жолу проспекти — Лермонтов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
- И. Ахунбаев көчөсү — 7-Апрель көчөсүнөн Ч. Айтматов проспектисине чейин;
- Чүй проспекти — Лермонтов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин;
- 7-Апрель көчөсү — Жибек Жолу проспектинен А. Токомбаев көчөсүнө чейин;
- Дэн Сяопин проспекти — Фучик көчөсүнөн Б. Алыкулов көчөсүнө чейин.

Бул өзүнчө тилкелер автобустардын ылдамдыгын жогорулатууга, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртууга жана жолдо жүрүүгө кеткен убакытты кыскартууга мүмкүнчүлүк берет.
 


Тектеш материалды окуу