Akchabarsearch
Коомдук транспортторго күтүүсүз рейд: 189 миң сом айып салынды

Жарыяланган

2025-04-09, 15:32

Коомдук транспортторго күтүүсүз рейд: 189 миң сом айып салынды

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков коомдук транспортко күтүүсүз рейд жүргүздү. 

Текшерүүнүн алкагында унаалардын техникалык абалы, айдоочулардын медициналык текшерүүдөн өтүшү жана каттамга чыгуучу транспорттордун талаптарга шайкештиги көзөмөлдөндү. Натыйжада, эрежелерди бузган айдоочуларга жалпысынан 189 миң сом айып салынды.

Жоробеков айдоочулар менен жолугушууда жолдо айдоо маданиятын сактоо, уюлдук телефонду колдонбоо жана жүргүнчүлөрдү аялдамаларда гана түшүрүү талаптарын катуу эскертип, жол эрежелерине баш ийүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин өлкө башчысы коомдук транспорт айдоочуларынын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча тапшырма берген.
 


Тектеш материалды окуу