Akchabarsearch
Ошто суу коргоо режимин бузган ишканага айып пул салынды

Жарыяланган

2025-09-12, 12:42

Ошто суу коргоо режимин бузган ишканага айып пул салынды

Ошто суу коргоо режимин бузган ишканага айып пул салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы “Фирма МПА” ЖЧКсынын “Жекелик” каналынын суу коргоо тилкесинде мыйзамсыз жайгашкандыгын аныктады. 

Текшерүү учурунда, компания тарабынан суу коргоо зоналарынын талаптары сакталбаганы белгилүү болду. Аталган ишканага Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 149-беренесинин (бекитилген жер участогун өзүм билемдик менен кеңейтүү) негизинде -100 миң сом, ал эми 247-беренесинин (суу фондунун жерлерин пайдалануу эрежелерин бузуу) негизинде -17 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

Мындан тышкары, ишканага “Жекелик” каналынын суу коргоо тилкесин бошотуу жана мыйзам талаптарын аткаруу боюнча жазма буйрук берилип, аны аткаруу үчүн бир айлык мөөнөт белгиленген. Бирок контролдук текшерүүдө талаптар аткарылбаганы аныкталды. 

Натыйжада, “Фирма МПА” ЖЧКсына ыйгарым укуктуу органдын чечимин жана буйруктарын аткарбаганы үчүн кошумча 13 миң сом айып пул салынды.


Тектеш материалды окуу