
Жарыяланган
2025-21-10, 14:202025-жылдын 9 айында Транспорт министрлиги 790 миңден ашык унааны текшерип, эрежени бузган 7035 учур боюнча протокол түздү. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Жыйынтыгында мамлекеттин бюджетине 324 миллион сомдон ашык каражат түшкөн. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кыйла көп сумма.
Текшерүүлөр атайын көзөмөл пункттарында, темир жол станцияларында жана көчмө мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлүп жатат.



