
Жарыяланган
2026-13-07, 10:43Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору эми «Менин шаарым» мобилдик тиркемеси аркылуу түнкү автобус каттамдары тууралуу маалымат ала алышат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
«Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы тиркемеге жаңы «Түнкү каттамдар» функциясын кошту. Жаңы бөлүм аркылуу колдонуучулар түнкүсүн каттаган автобустардын тизмесин көрүп, өзүнө ылайыктуу багытты тандай алышат.
Учурда түнкү каттамдар №3, 13, 16, 19, 35, 45 жана 55 автобустарында иштейт.
Жаңы функция өзгөчө түнкү нөөмөттө иштегендерге, кеч кайтып келгендерге, ошондой эле жакындарын тосуп же узаткандарга ыңгайлуу болот.
Түнкү каттамдарды көрүү үчүн «Менин шаарым» тиркемесин ачып, «Транспорт» бөлүмүнө өтүп, андан соң «Түнкү каттамдарды» тандоо керек.



