
Жарыяланган
2026-10-06, 12:33Бүгүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек шаардык филиалы тарабынан ОСАГО полиси боюнча 50 жаранга жалпы 4 млн 198 миң 796 сом өлчөмүндө кенемте төлөнүп берилди.
Анын ичинен 47 жаран ОСАГО полиси боюнча, 2 жаран АВТОКАСКО камсыздандыруусу боюнча жана 1 жаран ОСГО ПП полиси боюнча камсыздандыруу төлөмүн алышты.
Кенемте төлөмдөрүнүн сертификаттары жарандарга уюмдун Бишкек шаардык филиалынын директору Марат Кудайбергенов жана Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Саргашкаев тарабынан тапшырылды.
Марат Кудайбергеновдун айтымында, борбор калаада жыл башынан бери жалпы 83 млн 170 миң сом кенемте төлөнгөн.
“Бүгүн 50 жаранга кенемте сертификаттары тапшырылып жатат. Арасынан 2-3 сертификат юридикалык жактарга тиешелүү болсо, калгандары жеке жактар болуп саналат. ОСАГО полисин алып, унааларды камсыздандырыңыздар”, — деди ал.



