Akchabarsearch
Жол кырсыгына кабылгандарга бир жумада 6.1 млн сом кенемте берилди

Жарыяланган

2026-21-04, 17:03

Жол кырсыгына кабылгандарга бир жумада 6.1 млн сом кенемте берилди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жол кырсыгына кабылган жарандарга 1 жума ичинде ОСАГО полиси боюнча 6.1 млн сом өлчөмүндө кенемте төлөп берди.

Аталган сумма камсыздандыруу полисин алган 56 адамга тапшырылган.  Эң көп төлөм Бишкек шаарында жүргүзүлүп, 40 адамга 3.5 млн сомдон ашык каражат төлөнгөн.

Облустар боюнча:

•    Чүй облусу — 5 жаранга 690 миң 564 сом 
•    Ысык-Көл облусу — 4 жаранга 1 млн 256 миң сом 
•    Жалал-Абад облусу — 3 жаранга 306 миң сом 
•    Нарын облусу — 2 жаранга 104 миң 805 сом 
•    Ош облусу — 1 жаранга 150 миң сом 
•    Баткен облусу — 1 жаранга 67 миң 927 сом 

ОСАГО — жол кырсыгында үчүнчү жактарга келтирилген зыянды жабууга багытталган милдеттүү камсыздандыруу.
 


Тектеш материалды окуу