
Жарыяланган
2025-26-08, 13:5026-августта Бишкекте «Евразия» аталышындагы биринчи социалдык дүкөндүн салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Иш-чарага Эмгек министринин милдетин аткаруучу К. Сагынбаев, Бишкек шаарынын мэри А. Джунушалиев, «Евразия» кеңешинин төрайымы А. И. Аршинова, РФ Мамлекеттик думасынын төрага орун басары Б. А. Чернышов, КРнын пенсионерлер союзунун төрагасы Э. Исаков катышты.
Бул ачылыш мамлекет, коомдук уюмдар жана меценаттардын аярлуу катмарга жардам берүү үчүн биргелешкен ишинин натыйжасында ишке ашырылды.
Министр К. Сагынбаев долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп: «Бүгүн Бишкекте пенсия алгандарга, аз камсыз үй-бүлөлөргө жана муктаж жарандарга керектүү товарларды жеткиликтүү кылган биринчи социалдык дүкөн «Евразия» ачылууда. Көптөгөн кайдыгер эмес жана социалдык жооптуу адамдарды колдоп жаткандыгы кубандырат. Бул кызматташтык чыныгы өзгөрүүлөрдү алып келип, социалдык абалды бекемдейт» — деди.
Социалдык дүкөн Токтогул көчөсү, 146/1 дарегинде жайгашкан. Ал пенсия алуучуларга, майыптарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө керектүү товарларды арзандатылган баада алууга жардам берет жана аярлуу катмарларга чоң колдоо көрсөтөт.


