
Жарыяланган
2025-03-09, 13:00Быйылкы жылдын сегиз айында "Социалдык контракт" программасына катышуу үчүн 8 миң 899 жаран арыз берген. Квота 13 миң 333 катышуучу үчүн каралган.
Анын негизинде 8 миң 87 аз камсыз болгон үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү, алардын ичинен басымдуу бөлүгү, 7 миң 126сы аялдар.
Түзүлгөн социалдык контракттын багыттарын карасак, айыл чарбасы эң чоң кызыгууну көрсөттү – 6067 долбоор. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө- 712 долбоор, өндүрүштө – 600, соода-сатык тармагында – 467 долбоор.
Программа аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого, алардын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатууга жана туруктуу киреше булактарын түзүүгө багытталган.
Ведомство программаны кеңейтүү менен калктын экономикалык көз карандысыздыгын арттырууну максат кылууда.


