Akchabarsearch
Бишкекте социалдык маанилүү азык-түлүктүн жарманкесин өтүүдө
Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

Жарыяланган

2025-29-03, 11:45

Бишкекте социалдык маанилүү азык-түлүктүн жарманкесин өтүүдө

Бүгүн жана эртең Бишкекте социалдык маанилүү азык-түлүктүн жана керектелүүчү товарлардын жарманкесин өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Иш-чара эртең мененки саат 9дан кечки 7ге чейин Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик бульвары жана К.Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде уюштурулат.

Анын алкагында шаар тургундары айыл чарба продукцияларын дүң баада сатып алса болот.


Тектеш материалды окуу