Akchabarsearch
Чүй облусунда 5–6 млн долларга агропроцессинг борбору курулат

Жарыяланган

2025-21-11, 17:38

Чүй облусунда 5–6 млн долларга агропроцессинг борбору курулат

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында агропроцессинг борборун куруу боюнча гранттык долбоор: жер тилкесин бөлүп берүү, ТЭО даярдоо жана иш графигин тактоо маселелери каралды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди

Иш-чарага ААК «Кыргыз Агрохолдинг», министрликтин өкүлдөрү жана KOICA делегациясы катышты. 

Долбоор KOICAнын гранттык каражаттары менен каржыланып, жалпы бюджети 5–6 млн  долларды түзөт. 

Бул долбоордун максаты айыл чарба продукциясынын кошумча нарк чынжырын өнүктүрүү, дыйкандардын кирешесин жогорулатуу жана региондун экспорттук потенциалын кеңейтүү.

 


Тектеш материалды окуу