Akchabarsearch
Москва жана Айтматов райондорунда азык-түлүк жарманкеси өттү

Жарыяланган

2026-09-02, 09:21

Москва жана Айтматов райондорунда азык-түлүк жарманкеси өттү

Өткөн дем алыш күндөрү Чүй облусунун Москва жана Талас облусунун Айтматов райондорунда азык-түлүк жарманкеси өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундарга эт азыктары, жашылча-жемиштер, ун, май, шекер жана башка негизги азык-түлүк түрлөрү жеткиликтүү жана туруктуу баада сунушталды.

Жарманкеге жергиликтүү дыйкан-фермерлер жана өндүрүүчүлөр активдүү катышып, өз продукцияларын ортомчусуз түз сатууга мүмкүнчүлүк алышты. 

Иш-чаранын максаты - калк үчүн азык-түлүк бааларынын төмөн болушуна шарт түзүү. 


Тектеш материалды окуу