
Жарыяланган
2026-02-07, 13:33Жалал-Абад облусунун Сузак районунда ишкер Насурулло Абулкасимов 2025-жылы негиздеген “Абдулло” дыйкан чарбасы учурда алгачкы түшүмүн алып, жергиликтүү базарга сатыкка чыгарууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, чарбада азыр шабдалы бышып, сатуу процесси башталды. Дыйкан чарба жалпы 30га жакын адамды сезондук жумуш менен камсыз кылууда.
Бакча шабдалы, бадам, анар, алма, жүзүм, өрүк жана кара өрүк сыяктуу мөмө-жемиштерди өстүрүүгө адистешкен. Өсүмдүктөр заманбап агротехнологиялардын негизинде отургузулуп, сапаттуу көчөттөр колдонулган.
Чарбада сугаруу, азыктандыруу, бутоо жана зыянкечтерге каршы күрөшүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Жалпы аянты 12 гектарды түзгөн бакчанын ичинен 6.3 гектар жер №309 токтомдун негизинде министрликтин көзөмөлүнө өткөн жерлер болуп эсептелет.
Ошондой эле чарбада 1000 куб метрлик суу бассейни орнотулуп, тамчылатып сугаруу системасы толук ишке киргизилген.
Учурда өндүрүлгөн продукция жергиликтүү базарларда сатылууда. Ишкер келечекте продукцияны экспортко чыгарууну пландап жатат.



