
Жарыяланган
2026-09-10, 13:37«Кыргыз Агрохолдинг» ААКсы Кыргызстандын түштүк аймактарындагы дыйкандарга 10 миң тонна минералдык жер семирткичти жеткирүү боюнча пилоттук долбоорду жактырды. Жер семирткичтер дыйкандарга социалдык багыттагы баада сатылат. Долбоордун жалпы баасы 394.3 млн сомду түзөт.
Бул тууралуу компаниянын координациялык кеңешинин жыйынында белгилүү болду.
Жыйында Чүй облусунда эт өндүрүүчү кластер түзүү долбоору да колдоо тапты. Анын алкагында 2027-жылы 10 миң баш малды бордоп семиртүү пландалууда.
Мындан тышкары, дыйкандарга асыл тукум кунаажындарды жылдык 3% менен жеңилдетилген насыя аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү маселеси каралды.
Ошондой эле «Мал-Аман» жана «Асыл тукум» борборлорун түзүү, Кытайлык өнөктөштөр менен биргеликте «Агрокомпа» ишканасын ачуу демилгелери талкууланды.
«Мал-Аман» борборунун биринчи этабында 1.5 миңдей ветеринарды тартуу пландалууда. Аларга айлык акы төлөнүп, малдарды эмдөө, кан алуу жана башка мамлекеттик ветеринардык иштерди жүргүзүшөт. Мындан тышкары, ветеринарлар калкка акы төлөнүүчү кызматтарды да көрсөтө алышат.



