Akchabarsearch
Тоңдо эгин өстүрүүгө жасалма интеллект колдонулду

Жарыяланган

2026-24-09, 12:19

Тоңдо эгин өстүрүүгө жасалма интеллект колдонулду

Тоң районундагы Аксай айылында спутниктик маалыматтар жана жасалма интеллекттин жардамы менен жүгөрү жана күн карама өстүрүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылууда.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордун алкагында талаалардын абалы көзөмөлдөнүп, өсүмдүктөрдүн өсүшүнө таасир эткен факторлор талданууда. Жасалма интеллект аркылуу аймактын климаттык шарттарына окшош жерлер изилденип, түшүмү жогору сорттор тандалган.

Пилоттук талаа эки жолу сугарылып, суунун көлөмү көбөйтүлгөн эмес. Жүгөрү менен күн карама аралаштырылып өстүрүлүп, долбоордун маалыматына ылайык, түшүмдүүлүк 33%га жогорулаган.

Долбоор Кыргыз улуттук университети жана "Кыргызстан спутник" долбоору менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Алынган жыйынтыктардын негизинде тажрыйбаны башка райондорго жайылтуу мүмкүнчүлүгү каралууда.


Тектеш материалды окуу

Тоңдо эгин өстүрүүгө жасалма интеллект колдонулду Акчабарда