
Жарыяланган
2026-22-06, 11:16Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан Ысык-Көл облусунда топурактын сапатын аныктоочу агрохимиялык лаборатория ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Аталган лаборатория дыйкан-фермерлерге топурактын абалын илимий негизде аныктоо мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.
Лабораторияда топурактын курамындагы негизги азык элементтери, органикалык заттар, кычкылдуулук деңгээли жана өсүмдүктөрдүн өсүшүнө таасир этүүчү башка көрсөткүчтөр аныкталат.
Анализдердин жыйынтыгынын негизинде фермерлер жер семирткичтерди илимий негизде колдонууга, чыгымдарды азайтууга, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышат.
Лабораториянын ишке кириши өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет .



