
Жарыяланган
2026-05-02, 17:58Бишкекте техникалык коопсуздук эрежелерин бузган компанияга айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Иш-чаранын алкагында Токмок көчөсү 59 дарегинде курулуп жаткан 3 кабаттуу соода борборунда курулуш эрежелеринин жана талаптарынын бузулганы аныкталды.
Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Сапат Хаус” ЖЧКсына карата Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазуу түрүндөгү эскертүү берилди.


