2026-жылы Бишкек шаарына жаңы 20 мектеп куруу пландалууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттердин жетекчилери менен биргеликте Бишкек шаарында курула турган социалдык объектилердин долбоорлору жана курулуш аянттары менен таанышып чыкты
Октябрь району:
- Көк-Жар конушунунун Куйручук көчөсү 123/1 дарегиндеги №88 орто мектепке кошумча 500 орундуу окуу корпусу ;
- Түштүк пландоо зонасынын Токомбаев көчөсү 15/8а дарегине жаңы мектеп;
- №8 кичи району 19/1 дарегиндеги №64 орто мектебине кошумча окуу корпусу;
- Өскөн-Ордо конушуна 750 орундуу жаңы мектеп ;
- Кара-Жыгач конушунун Оберон көчөсү 18/1дарегиндеги №91 орто мектебине кошумча корпус;
- Көк-Жар айылынын Кийизбаев-Алапаев дарегине жаңы мектеп.
Ленин району:
- Алыкулов көчөсү 1 дарегиндеги №42 орто мектепке кошумча корпус;
- Кашка-Баш айылынын №84 жаңы мектеп;
- Ак-Ордо конушунун Тенир-Тоо көчөсү 1 дарегине 750 орундуу жаңы мектеп;
- Гагарин көчөсү 166 дарегиндеги №55 орто мектебине 1200 орундуу кошумча корпус;
- Жал кичи району 29 дарегиндеги №72 мектепке кошумча корпус ;
- Арча-Бешик конушунун Садыбакасов 94 дарегиндеги №79 мектепке кошумча корпус .
Биринчи май району:
- Калыс-Ордо конушунун №86 орто мектебине өзүнчө кошумча корпус;
- Дача-Суу конушуна жаңы мектеп;
- Васильев көчөсү 169 дарегине жаңы мектеп;
- Достук айылына 750 орундуу жаңы мектеп;
- Кудайберген конушуна 1200 орундуу жаңы мектеп.
Свердлов району:
- Дордой конушунун дордой Аул-13-12 көчөсүндөгү №94 мектепке кошумча корпус;
- Дубосековская көчөсү 39а дарегинде жайгашкан №32 орто мектебине кошумча корпус ;
- Сеченов көчөсүндө жайгашкан №46 мектепке кошумча корпус .