Akchabarsearch
Бишкекте техникалык коопсуздук эрежелерин сактабаган курулуш компанияларга эскертүү берилди

Жарыяланган

2026-27-03, 17:03

Бишкекте техникалык коопсуздук эрежелерин сактабаган курулуш компанияларга эскертүү берилди

Бишкекте техникалык коопсуздук эрежелерин сактабаган курулуш компанияларга эскертүү берилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Текшерүүнүн натыйжасында Бишкек шаарындагы бир катар курулуш объектилеринде техникалык коопсуздук эрежелеринин жана курулуш талаптарынын толук сакталбай жаткандыгы аныкталды.

Алар:

  • Жибек-Жолу көчөсү 384 дарегинде курулуп жаткан 14 кабаттуу бизнес борбору;
  • Турсунбаева көчөсү  2А дарегинде курулуп жаткан 10 кабаттуу турак үй;
  • Көк-Асаба көчөсү 44 дарегинде курулуп жаткан 9 кабаттуу турак үй.

Натыйжада, аталган объектилерде курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Имарат Восток” жана “Сафа Инвест” ЖЧКсына карата жазуу түрүндө эскертүүлөр берилди. 

Ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жана курулуш талаптарына ылайык келтирүү үчүн 3 күндүк мөөнөт берилди.

Эске салсак, курулуш иштерин жүргүзүүдө белгиленген курулуш ченемдерин жана техникалык талаптарды так сактоо - куруучулардын негизги милдети болуп эсептелет.


Тектеш материалды окуу