
Жарыяланган
2026-11-02, 14:50УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин коопсуздугу мыйзамда белгиленген тартипте мындан ары да улантылат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы Сыргак Бердикожоев бул боюнча президенттин тийиштүү тапшырмалады бергенин билдирди.
“Социалдык тармактарда Камчыбек Ташиевдин коопсуздугу боюнча жарандар билдирип жаткан тынчсыздануулар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан эске алынууда.
Камчыбек Ташиев мурда кайтарууга алынган адам болгон жана анын жеке коопсуздугун камсыз кылуу чаралары мыйзамда белгиленген тартипте мындан ары да улантылат”, - деди ал.



