Akchabarsearch
Камчыбек Ташиев ИИМде сурак берип жатат

Жарыяланган

2026-19-03, 11:16

Камчыбек Ташиев ИИМде сурак берип жатат

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Ички иштер министрлигинде сурак берип жатканы маалым болду. Бул тууралуу “Акчабарга” анын тарапташы Шүкүрбек Эркебаев билдирди.

Анын айтымында, Ташиев бүгүн, 19-мартта чет өлкөдөн Кыргызстанга кайтып келген.

Эске салсак, Камчыбек Ташиев 10-февралда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулган. Ошол учурда ал чет өлкөдө дарыланууда жүргөн.

13-февралда ал өлкөгө кайтып келип, 17-февралда Кыргызстандан чыгып кеткен.


Тектеш материалды окуу