
Жарыяланган
2026-13-02, 09:44Президент Садыр Жапаров президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча Конституциялык сотко эмне үчүн кайрылганын түшүндүрдү. Бул тууралуу ал “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Ал ар дайым коомдо жаралган күмөн саноолорго жана талаштуу маселелерге мыйзамдуу, так жооп болушу керек деп эсептей турганын белгиледи.
“Бүгүн Кыргызстанда Конституциялык сот бар, дал ушул орган Конституцияга байланыштуу бардык талкууларга, ар кандай чечмелөөлөргө акыркы, так аныктамасын, укуктук баасын бере алат. Ошондуктан бул маселе боюнча Конституциялык сотко кайрылганыбыз укуктук жактан туура жана логикалуу кадам деп эсептейм”, - деди Садыр Жапаров.



