Akchabarsearch
Камчыбек Ташиев сурактан чыкты

Жарыяланган

2026-19-03, 15:08

Камчыбек Ташиев сурактан чыкты

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев сурактан чыкты. 

Бир нече саат суракта болгондон кийин Ташиев ИИМдин имаратынан чыгып, унаасына отуруп кетип калды. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берген жок. 

Камчыбек Ташиев бүгүн, 19-мартта чет өлкөдөн мекение кайтып келгенден кийин ИИМге суракка күбө катары жеткирилген. Ал "Кыргызнефтегаз" иши жана "75 аксакалдын кайрылуусу" боюнча суракка чакырылганы кабарланган.

Белгилей кетсек, Ташиев 10-февралда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулган.

13-февралда ал өлкөгө кайтып келип, 17-февралда кайрадан Кыргызстандан чыгып кеткен.


Тектеш материалды окуу