Akchabarsearch
Садыр Жапаров: Ташиев кандайдыр бир мамлекеттик кызматка келбейт

Жарыяланган

2026-16-02, 11:44

Садыр Жапаров: Ташиев кандайдыр бир мамлекеттик кызматка келбейт

Президент Садыр Жапаров УКМКнын мурдаыгы төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматка келбей турганын айтты. Бул тууралуу ал “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Жапаров Ташиев анын досу бойдон каларын белгиледи.

“Мен табиятынан эле кандайдыр бир талаштуу маселелер жаралса, эч бир адам менен урушпай-талашпай эле сабырдуулук менен чечишип алганды жакшы көрөм. Дос бойдон кала беребиз. Бирок ал киши кандайдыр бир мамлекеттик кызматка келбейт. Дос эс алсын, ден соолугун карасын.

Тегерегидеги “ак сакал, көк сакалдардан” арылсын, тазалансын. Тергөө кызматы баарын аныктап, тазалап берет. Албетте, азыр ыракмат айтпайт. Капа болот. Бирок жылдар өткөндөн кийин “Досум сен ошондо туура кылыпсың” деп ыракматын айтат”, - деди ал.

Ал кечээ Ташиевди кабыл алганын айтты.

“Кечээ кечинде кабыл алдым. “Эс ал досум, ден соолугуңду кара, тынч жүр” дедим. Досумдун айтымы боюнча, “ак сакалдар” дейбизби, “көк сакалдар” дейбизби, бирөө менен дагы сүйлөшкөн эмесмин дейт.

Ошондон улам мен жыйынтык чыгардым. Демек, тигилер досума билгизбей эле өздөрүнчө жашыруун план менен иш жүргүзүп жатышкан экен. Орустар айткандай, “медвежья услуга” көрсөтүштү”, - деди Жапаров.


Тектеш материалды окуу