
Жарыяланган
2026-31-07, 19:19Бишкек шаарында 1-августтан тарта жол эрежесин бузуп токтотулган унааларды эвакуациялоо боюнча рейд башталат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Бул рейдди мэрия Жол кайгуул кызматы менен бирге жүргүзөт.
Анын максаты жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, коомдук транспорт жана ыкчам кызматтардын тоскоолдуксуз иштешин камсыз кылуу, башаламан парковкаларды жоюу болуп саналат.
Рейд учурунда көптөн бери айдалбай бир жерде турган, аялдама, жол кесилиштеринде жана жөө өтмөктөрдө коюлган, көчө шыпырып, таштанды чыгарган жана башка муниципалдык кызматкерлердин ишине тоскоолдук жараткан унааларга өзгөчө көңүл бурулат.
Мэрия кимдир бирөөнүн унаасы айдалбай турган болсо, аларды өз ыктяры менен муниципалдык жерден алып коюну суранат.



