
Жарыяланган
2026-31-07, 17:02Бишкек шаарынын 3 жана 7-кичирайондорунда таза сүү өчүрүлөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалым болгондой, суу 4-август саат 09:30дон баштап 5-август түнкү саат 02:00го чейин жок болот.
Таза суу диаметри 400 мм болгон суу түтүгү алмаштырыла тургандыктан өчүрүлөт.
“Бишкек суу канал” ишканасы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жарандарды суу алдын ала камдап алууга чакырат.




