Akchabarsearch
Кыргыз жараны Өзбекстанда иштеген жылдары күйүп кетпей, пенсия чыгууда эсепке алына баштайт

Жарыяланган

2026-31-07, 15:13

Кыргыз жараны Өзбекстанда иштеген жылдары күйүп кетпей, пенсия чыгууда эсепке алына баштайт

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууга кол койду. 

Келишимге ылайык, Өзбекстанда иштеген кыргыз жарандар кийин пенсияга чыгып жатканда, алардын Өзбекстанда иштеген  жылдары эмгек стаж катары эсепке алына баштайт. 

Маселен, кыргыз жараны Өзбекстанда канча бир жыл иштеп, ал жактагы Пенсиялык фондго акча которгон болсо, ошол иштеген жылдары Кыргызстанда эмгек стаж болуп саналып, пенсияга чыгууда эсепке алына турган болот.

Кыргыз жаран Өзбекстандын Пенсиялык фондуна которгон акча кийин Кыргызстандын Соцфондуна которулуп берилет. 

Ушундай эле шарттар Кыргызстанда иштеген өзбек жарандары үчүн каралат. 

Эми аталган келишим эки өлкөдөн ратификациядан өткөндөн кийин күчүнө кирет. 


Тектеш материалды окуу