
Жарыяланган
2026-31-07, 13:57Жыл башынан тарта 31-июлга чейин Кепилдик фонддун колдоосу менен ишкерлер 9.8 млрд сом насыя ала алды. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.
Маалым болгондой, фонд ишкерлерге 3 млрд сомдон ашык акчага кепилдик берип, анын аркасы менен ишкерлер 9.8 млрд сом насыя ала алган.
Фонд кепилдик берүүдө айыл чарба, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, өнөр жай, ипотекалык насыя жана турзим артыкчылыктуу багыт бойдон калып жатканын белгилейт. Айрыкча экспортко жана импорттун ордун басууга иштеген ишкерлерге колдоо көрсөтүүгө көңүл бурулууда.
Кепилдик фонд иштеп жаткан 10 жыл аралыгында 22 миңден ашык ишкерге колдоо көрсөткөн. Жалпы 20.8 млрд сомго кепилдик берилип, ишкерлер 63.9 млрд сом насыя тарта алышкан.
Кошумча маалыматты 7500 номерине кайрылып алууга болот.



