Akchabarsearch
Кыргызстан менен Азербайжан ондон ашык документке  кол койду

Жарыяланган

2026-31-07, 12:32

Кыргызстан менен Азербайжан ондон ашык документке кол койду

Президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Чолпон-Ата шаарында өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди. 

Президенттер Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге жана эки өлкөнүн Мамлекеттер аралык кеңешинин чечимине кол коюшкан. 

Андан тышкары транспорттук-логистикалык, энергетикалык, инвестициялык, санариптик, финансылык, гуманитардык жана башка тармактардагы документтерге кол коюлган:

- КР министрлер кабинети менен Азербайжандын өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык автомобиль каттамдары жөнүндө макулдашуу;

- Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы энергетика жаатындагы кызматташтык боюнча 2026-2027-жылдарга карата Жол картасы;

- КР министрлер кабинети менен Азербайжандын министрлер кабинетинин ортосундагы 2024-2029-жылдарга кызматташуу программасын ишке ашыруу боюнча Жол картасы;  

- 2022-жылдын 11-октябрындагы КР министрлер кабинети менен Азербайжандын өкмөтүнүн ортосунда Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи кошумча макулдашуу;

- КР Транспорт министрлиги менен Азербайжандын Санариптик өнүктүрүү жана транспорт министрлигинин ортосунда жүк ташуу, кеме жүрүшү жана кеме куруу жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

- КР Улуттук статистика комитети менен Азербайжандын Мамлекеттик статистика комитетинин ортосунда статистика жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

- КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Азербайжандын Атайын байланыш жана маалыматтык коопсуздук мамлекеттик кызматынын ортосунда киберкоопсуздук тармагындагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

- КР Ош шаары менен Азербайжандын Гянжа шаарынын ортосунда кызматташтыкты жана боордош шаарлар байланышын түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

- КР Каракол шаары менен Азербайжандын Габала шаарынын ортосунда өз ара кызматташтык жана боордош шаарлар байланышын түзүү жөнүндө меморандум;

- КР Чолпон-Ата шаары менен Азербайжандын Шуша шаарынын ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

- КР Энергетика министрлиги менен Азербайжандын Энергетика министрлигинин ортосунда мунай жана мунай продуктуларын жеткирүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

- КР Экономика министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы менен Азербайжандын Борбордук банкынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандум;

- “Кыргызалтын” ачык акционердик коому менен “АзерГолд” жабык акционердик коомунун ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум.


Тектеш материалды окуу