Akchabarsearch
Ысык-Көлдө Азербайжан курган беш жылдыздуу “Баку” мейманканасы ачылат

Жарыяланган

2026-31-07, 11:25

Ысык-Көлдө Азербайжан курган беш жылдыздуу “Баку” мейманканасы ачылат

Ысык-Көлдө Азербайжан курган беш жылдыздуу “Баку” мейманкана ачылат. Бул тууралуу Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Азербайжандын президенти Илхам Алиев Садыр Жапаров менен Чолпон-Атада болгон жолугушуусунда билдирди. 

Ал мейманкана бүгүн, 31-июлда бир нече президенттин катышуусунда ачыларын белгиледи. Алиев бул мейманкананын курулушу Кыргызстан менен Азербайжандын достук, боордоштук мамилелерин көрсөтүп турарын айтты.

Сөзүн улай ал Азербайжан аталган мейманкананы салуу менен Ысык-Көлдүн туристтик потенциалын өнүктүрүүгө аз да болсо салым кошуп жатканын белгиледи. 

 


Тектеш материалды окуу