Akchabarsearch
Бишкекте уй этинин орточо баасы 810 сомго жетти

Жарыяланган

2026-02-06, 17:18

Бишкекте уй этинин орточо баасы 810 сомго жетти

Быйыл 1-июнга карата Кыргызстанда сөөгү бар уй этинин орточо баасы 739 сомду түздү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматында көрсөтүлгөн.

Өлкө боюнча эң жогорку баа Бишкек шаарында катталып, уй эти орточо 810 сомдон сатылууда. Андан кийин Караколдо — 750 сом, Нарында — 740 сом, Талас жана Жалал-Абадда — 735 сомдон болууда.

Токмокто уй этинин орточо баасы 730 сомду, Ошто 715 сомду түздү. Ал эми эң төмөнкү баа Баткенде катталып, уй эти орточо 700 сомдон сатылууда.

Салыштыруу үчүн айтсак, 30-апрелге карата өлкөдө уй этинин орточо баасы 706 сом болгон. Ошол учурда Бишкекте уй эти орточо 750 сомдон сатылган. Бир айдын ичинде өлкө боюнча орточо баа 33 сомго, ал эми Бишкекте 60 сомго кымбаттады.
 


Тектеш материалды окуу

  • Бишкекте уй этинин орточо баасы 810 сомго жетти

    Быйыл 1-июнга карата Кыргызстанда сөөгү бар уй этинин орточо баасы 739 сомду түздү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматында көрсөтүлгөн.
    2026-02-06 11:18:33
  • Бишкекте уй этинин орточо баасы 750 сомду түздү

    Быйыл 30-апрелге карата Кыргызстанда уй этинин орточо баасы 706 сомду түздү. Эң жогорку баа Бишкек шаарында катталып, орточо 750 сомдон сатылууда. Бул тууралуу Монополияга каршы кызмат билдирди.
    2026-04-05 05:03:13