
Жарыяланган
2026-03-03, 14:022026-жылдын 3-мартында Бишкекте мурдагы “Чатыр-Көл” кинотеатрынын ордунда жаңы маданий борбордун курулушуна мезгил кутусун салуу аземи өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана жергиликтүү тургундар катышты. Долбоорду Бишкек мэриясы ишке ашырууда.
Маалыматка ылайык, жаңы борбор шаар тургундары үчүн маданий жана чыгармачылык жай болот. Мэрдин айтымында, бул жерге турак жай курулбайт. Курулуш быйыл аяктап, объектти сентябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.
Долбоор боюнча 0,4 гектар аянтка үч кабаттуу имарат салынат. Анда 420 орундуу кинотеатр, 330 орундуу көргөзмө залы, музыкалык жана театрдык класстар, фуд-корт аймагы, ошондой эле 92 унаага ылайыкташкан жер алдындагы токтотмо каралган.
"Фрунзе шаарынын энциклопедиясынын" маалыматына ылайык, "Чатыр-Көл" кинотеатры 1967-жылы ачылып, 600 орунга ылайыкталган. Кийин имарат "Учур" мамлекеттик жаштар театрына өткөрүлгөн, бирок соңку жылдары пайдаланылган эмес. 2025-жылдын ноябрында чыккан өрттөн кийин шаар бийлиги бул жерде жаңы маданий борбор куруу чечимин кабыл алган.



