Akchabarsearch
Бишкектеги Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жол катмары калыбына келтирилди

Жарыяланган

2026-23-03, 18:05

Бишкектеги Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жол катмары калыбына келтирилди

Бишкек шаарындагы Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жол катмары калыбына келтирилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган аймакта 2023-жылы диаметри 600 мм болгон канализациялык коллектор курулуп, суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо долбоорунун алкагында иштер жүргүзүлгөн.

Февраль айында жол катмарынын бузулушу катталып, калыбына келтирүү иштери 19-мартта аткарылган. 

Учурда участок толугу менен оңдолуп бүттү. Жакынкы күндөрү жол белгилерин түшүрүү пландалууда.


Тектеш материалды окуу