Akchabarsearch
Бишкектеги “Димайк” акча алмаштыруучу жайынын лицензиясы убактылуу токтотулду

Жарыяланган

2025-24-11, 17:46

Бишкектеги “Димайк” акча алмаштыруучу жайынын лицензиясы убактылуу токтотулду

Улуттук банк Бишкектеги “Димайк” акча алмаштыруучу жайынын лицензиясын убактылуу токтотту. Бул тууралуу аталган банк билдирди.

“Дордой-Плаза 2” соода борбору дарегинде жайгашкан акча алмаштыруучу жай өлкө мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузганы үчүн лицензиясы 22-ноябрдан 6-декабрга чейин алынган.

Мындан сырткары, Улуттук банктын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргызстандын бир жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

 


Тектеш материалды окуу