
Жарыяланган
2026-19-01, 12:59Быйыл 18-январда Бишкек шаарынын Табалдиев көчөсү 29 дарегиндеги 4 кабаттуу медициналык борбордун курулушу текшерилип, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Текшерүү учурунда имаратты долбоорлоодо жана курууда техникалык талаптар сакталбаганы белгилүү болду.
Мындан улам курулуш иштерин жүргүзгөн "Палладий Групп" ЖЧКсына 200 миң сом өлчөмүндө айып салынып, мыйзам бузууларды четтетүү боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилген.



