Akchabarsearch
Бишкектеги төрт Калкты тейлөө борбору бир чоң борборго бириктирилет

Жарыяланган

2026-09-02, 15:42

Бишкектеги төрт Калкты тейлөө борбору бир чоң борборго бириктирилет

Бишкектеги төрт ири Калкты тейлөө борбору бириктирилип, бир жаңы борбор курулат. Бул тууралуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директору Азамат Жапаров 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн кеңешмеде билдирди.

Жаңы имарат Орок айылында жайгашып, быйыл ишке киргизилет. 

Борбор «бирдиктүү терезе» принциби менен иштейт жана күнүнө 5 миңге чейин адамды тейлей алат. Ал жарандар жана кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылат.

Мындан тышкары, 2026-жылы онлайн-кызматтарды кеңейтүү пландалууда. Ага паспортту алмаштыруу, никеге туруу жана ажырашуу, көчүрмө алуу жана туулгандык тууралуу күбөлүк алуу кирет. 

Бул жарандарга кызмат көрсөтүү борборлоруна барбай эле, кызматтарды онлайн түрүндө алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
 


Тектеш материалды окуу