Akchabarsearch
Президент Садыр Жапаров Кара-Кулжа айылында Калкты тейлөө боюнча маданий борборду ачты

Жарыяланган

2026-14-04, 14:58

Президент Садыр Жапаров Кара-Кулжа айылында Калкты тейлөө боюнча маданий борборду ачты

Президент Садыр Жапаров 14-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа айылында жайгашкан Калкты тейлөө боюнча маданий борбордун ачылыш аземине катышты.

Аталган борбор мамлекеттик кызматтарды комплекстүү көрсөтүүгө жана социалдык объекттерди бир жерге топтоого багытталган.

Мамлекет башчысы үч кабаттуу имараттын шарттары менен таанышып, калкты тейлөө бөлүмдөрүн, кинотеатрды, машыгуу залын, банк бөлүмдөрүн, конференц-залды жана башка коомдук жайларды көрүп чыкты.

Курулуш министри Нурдан Орунтаев объект жайгашкан жер тилкесинин аянты 0,45 гектар экенин маалымдап, долбоор район тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.

Иш-чаранын соңунда Президент жергиликтүү тургундар менен баарлашып, мындай борборлор келечекте өлкөнүн башка райондорунда да ачыларын билдирди.

 


Тектеш материалды окуу