
Жарыяланган
2026-29-01, 14:11Болот Жунусов Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Буга чейин аталган ишкананы Талант Султанов жетектеп келген. Osoo.kg порталында уюм боюнча маалыматтар акыркы жолу ушул жылдын 24-январында жаңыртылган.
Кошумчалай кетсек, буга чейин аталган ишкана 1-мартка карата салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча ири карызы бар төлөөчүлөрдүн тизмесине кирген. Бирок 2025-жылдын 1-июлуна карата Салык кызматынын ири карызкорлор тизмесинде ал ишкана катталган эмес.
