
Жарыяланган
2026-13-08, 10:53"Кыргызфармация" дары-дармек жана медициналык буюмдарды сатып алууда 137 млн 950 миң сомдук зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, 2024–2026-жылдары айрым дары-дармектер саламаттык сактоо мекемелериндеги муктаждыктар эске алынбастан сатып алынган. Натыйжада кампаларда ири өлчөмдөгү продукциянын жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен.
Тактап айтканда, 74.1 млн сомдук 60 түрдөгү дары-дармектин жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен. Алардын арасында баасы 33.2 млн сомдон ашкан 916 флакон «Аспарагиназа» препараты да бар.
Мындан тышкары, медициналык мекемелердин билдирмелери жок эле 14 млнго жакын пробирка жана вакутайнер, ошондой эле 19 миллиондон ашык ийне-көпөлөкчө сатып алынган. Кампада калган бул продукциялардын баасы 63.8 млн сомдон ашат.
Бул фактылар боюнча «Кыргызфармациянын» жооптуу кызматкерлерине жана башка адамдарга карата кылмыш иши козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат.

