
Жарыяланган
2026-05-02, 14:17Чүй районундагы “Бурана мунарасы” археологиялык-архитектуралык музей комплексинин айланасын көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор даярдалды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен кабарлашты.
Долбоорду Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору иштеп чыккан. Анда аймакты жашылдандыруу, майда архитектуралык формаларды орнотуу, автоунаа токтотуучу жайларды уюштуруу жана туристтер үчүн ыңгайлаштырылган коомдук мейкиндик түзүү каралган.
Эскиздик долбоор музейге келген жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтер үчүн коопсуз жана заманбап шарттарды камсыз кылууну максат кылат.
Долбоордо жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдор, эс алуу аянтчалары, жашыл зоналар жана туристтик инфраструктураны жакшыртуучу элементтер камтылган.

