
Жарыяланган
2026-17-04, 16:26Талас облусунун Шекер айыл аймагында жайгашкан "Чыңгыз Ааламы" маданий-мемориалдык комплексинде реконструкция иштери уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын жалпы наркы 150 млн сомду түзөт. Учурда объектте бетон куюу иштери жүрүп жатат.
Башкы планга ылайык, комплексте Чыңгыз Айтматовдун жаңы үй-музейи, заманбап кинотеатр, китепкана жана мейманкана куруу каралган.
Бул долбоор маданий-тарыхый багыттагы ири демилгелердин бири болуп, өлкөдө маданий туризмди өнүктүрүүгө багытталган. Курулуш иштерин «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы көзөмөлдөп жатат.


