Akchabarsearch
Чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруудан миллиондор түшүүдө

Жарыяланган

2025-24-04, 17:12

Чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруудан миллиондор түшүүдө

Чет элдик номер тагылган унааларды мыйзамдаштыруу башталгандан бери 23-апрелге чейин Кыргызстанда 2 миң 195 унаа мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу Унаа каражаттарын каттоо боюнча мамлекеттик агенттик билдирди. 

Аларды каттоодон 23-апрелге карата бюджетке 159 млн 500 миң сом түшкөн. Анын ичинен кыймылдаткычынын көлөмү 2 кубдан ашпаган 1200 унаа катталган. Бул унаалардын ээлери бюджетке 50 миң сомдон, 60 млн сом төлөгөн. 

Ошондой эле кыймылдаткычынын көлөмү 2 кубдан ашкан 995 унаа мыйзамдаштырылып, алардын ээлери 100 миң сомдон, жалпы 99 млн 500 миң сом төлөгөн. 

Эскерте кетсек, чет элдик номер тагылган унааларды мыйзамдаштыруу 1-апрелде башталган, ал 1-октябрга чейин уланат. 


Тектеш материалды окуу